Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:42

Чет элдик жарандарга мыйзамсыз паспорт берген канал табылды


Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

1-мартта Мамлекеттик каттоо кызматынын Аламүдүн районунун калкты каттоо департаментинин башкы адиси Э.Ж., 5 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалган.

Кармалган кызматкердин иш бөлмөсүн тинткен учурда чоң суммадагы акча, чет өлкөлүк жарандардын паспорттору, өлкөнүн жарандыгын алуу үчүн толтурулган документтер жана Кыргызстандын жарандыгын мурда алган чет өлкөлүктөрдүн тизмеси табылган.

Ага ылайык, “мыйзамсыз сыйлык алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган адам эч кайда кетпөө тил катынын негизинде бошотулган. (SDz)

XS
SM
MD
LG