Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

10-мартка карата аба ырайы


Жаз.
Жаз.

9-марттан 12-мартка чейин абанын жогору температурасынын сакталышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя жана Красная-Горка-Ак-Таш, Каракол-Эңилчек автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эртең 10-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолорго кар жаашы мүмкүн.

Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21 ысыйт.

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20 ысык болот.

Баткенде 4…9, күндүз 17…22 ысык болот.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 градус ысык.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус жылыйт.

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15 градус жылуу болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3 градуска чейин жылыйт.

10-мартта Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт. Түштөн кийин бир аз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9° жылуу, күндүз 18…20° жылуу. (SDz)

XS
SM
MD
LG