Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

ЖАМК: абактан бошогондордун 7,3 пайызы кайра соттолгон


2015-жылы өлкөнүн түзөтүү мекемелеринен 1939 адам бошотулган. Булардын арасынан Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренесине ылайык, 1265 адам алдын ала шарттуу бошогон.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын айтымында, шарттуу бошотулган адамдардын дээрлик бардыгы кайра эле кылмыш кылат деген маалымат туура эмес. ЖАМК өткөн жылы шарттуу абактан эркиндикке чыккандардан 92си кайра кылмыш кылып соттолгонун маалымдап, бул жалпы көрсөткүчтүн 7,3 пайызын түзөрүн айтууда.

Буга чейин айрым маалымат булактарында абактан шарттуу бошотулгандардын дээрлик бардыгы кайра эле кылмыш кылып, соттолушат деген маалыматтар жарыяланып кеткен. (SDz)

XS
SM
MD
LG