Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөр 14-мартка чейин жанданат


Улуттар уюму Сирия өкмөтү менен оппозициянын тынчтык сүйлөшүүлөрүн 14-мартка чейин баштоону көздөп жатат. Даярдык иштери болсо бүгүн Женевада башталууга тийиш.

Тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандантууга Орусия менен АКШнын сүрөөнчүлүгү менен 27-февралда ишке киришкен ок атышпоо келишими өбөлгө түздү.

Жарашуунун шарттары негизинен сакталып жатканы кабарланууда. Бирок тараптар “Ислам мамлекети” өңдүү радикал топторго каршы соккулар улана берет деп макулдашышкан.

БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура бүгүн ок чыгарбоого жана гуманитардык иш-аракеттерге байкоо салган топтор менен жолугушмакчы. Оппозициянын лидерлери сүйлөшүүлөргө кайра кошулуунун алдында бир нече шарт аткарылууга тийиш деп талап кылууда. Де Мистуранын маалымат катчысы Жесси Шаин сүйлөшүүлөр бир нече баскыч менен жүргүзүлүп, башында БУУнун өкүлү тараптар менен өз өзүнчө жолугушарын билдирди.

XS
SM
MD
LG