Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Тажикстанда салафи деп шектелген 15 киши кармалды


Тажикстандын Рогун шаарында милиция Калъаи Нав айылынын кеминде 15 тургунун кармап кетти. Жакындары аларга намазды салафилердей болуп окушат деген кине тагылып жатканын ырастап, бошотулушун талап кылууда.

Ал эми милиция сурак аяктамайынча маалымат берилбесин билдиришти. Буга чейин Тажикстандын ички иштер министрлиги жаштардын диний-экстремисттик уюмдарга кошулуп кетишин алдын алуу үчүн «Активист» деген топторду түзүү демилгесин көтөргөн. Алардын мүчөлөрү калкка исламдын, пайгамбардын хадистеринин маани-маңызын түшүндүрүп турмакчы.

XS
SM
MD
LG