Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Надежда Савченко ачкачылык акциясын улантууда


Савченкого боштондук берүүнү талап кылган Болгариядагы пикет, 9-март, 2016-жыл.
Савченкого боштондук берүүнү талап кылган Болгариядагы пикет, 9-март, 2016-жыл.

Орусиянын соту өкүмдү создуктуруп 21-мартка белгилегенге байланыштуу украиналык учкуч жана парламент мүчөсү Савченко ачкачылыгын токтотпой турганын билдирди. Савченкону бошотуу талабы менен украиналыктар Москвада, Киевде жана башка жерлерде нааразылык акциясына чыгып, орус элчилигин, башка имараттарын жумуртка менен урушту. Одессада орус консулдугун жумуртка менен уруу менен бирге президент Путинге түспөлдөш куурчакты өрттөштү. Полиция аларга каршы көздөн жаш агызчу газ колдонду.

Украиналык учкуч 2014-жылы Чыгыш Украинада жикчилдерге каршы күрөш учурунда кармалып кеткен. Орус тарап ал эки журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп айыптоодо. Прокуратура Савченкону 23 жылга кесүүнү сураган. 9-мартта сотто акыркы сөзүн украин тилинде сүйлөгөн Савченко сот өкүмдү создуктурганга байланыштуу кургак ачкачылыгын улантарын, соттор анын өмүрү менен ойноп жатканын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG