Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Талибдер Гилменд провинциясында күчөп баратат


Гилменд провинициясындагы кагылышуулар, 9-март, 2016-жыл.
Гилменд провинициясындагы кагылышуулар, 9-март, 2016-жыл.

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында бир катар райондорду басып алган талибдер, 9-мартта провинциянын борбору Лашкаргахтан 20 чакырым алыстагы Герешк жергесинде полиция жана атайын кызматтардын имараттарына кол салганын губернатордун маалымат кызматы кабарлады.

Бомба салынган автоунаа менен жанкечти жасаган чабуулдун жоопкерчилигин талибдер өздөрүнө алышты. Коопсуздук күчтөрү чабуулдун мизин кайтарышты. Анын учурунда жети жоочу жана үч полиция кызматкери өлдү. Талибдер февраль айында Герешк жергесинин түндүгүндөгү Навзад жана Мусакале райондорун көзөмөлүнө алган. (AiT)

XS
SM
MD
LG