Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Иран орто аралыктагы ракеталарын сыноодон өткөрдү


Иран ракетасы.
Иран ракетасы.

Кошмо Штаттардын эскертүүсүнө карабай, Иран күч-кубатын көрсөтүү максатында Qadr-H жана Qadr-F ракеталарын сыноодон өткөрдү. Өлкөнүн түндүгүнөн атылган ракеталар 1,4 миң чакырым учуп өтүп, өлкө түштүгүндөгү бутага жеткен. 9-марттагы бул сыноолорго чейин Иран андан башка да ракеталарын сыноодон өткөргөн.

Кошмо Штаттар Ирандын бул аракеттери Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин чечимдерине каршы келерин 8-мартта эскерткен. Январь айында Вашингтон Ирандын ракета программасына тиешеси бар компания жана адамдарга санкция киргизген. Бирок Акүй Ирандын ракета сыноосу ири алты мамлекет жана Тегерандын ядролук курал боюнча келишимине каршы келбесин да эске салган. (AiT)

XS
SM
MD
LG