Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Депутаттар баш тарткан унаалар кайда экенине кызыгууда


Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда “Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев эл өкүлдөрү баш тарткан унаалар каякта экенине кызыкты. Ал төрага Асылбек Жээнбековго бир нече жолу кат түрүндө кайрылганын, бирок азыркыга чейин жооп албаганын айтып өттү.

- Бизге жоопту бериңиз, биздин унаалар кайда? Дагы деле унаа токтотуучу жайда турабы же башка жердеби? – деп суроо салды Бокоев.

Депутат мындан башка Жогорку Кеңештин карамагында отуз кызматтык батир бар экенин, айрым батирлер дагы деле бош турганын айтып, толук маалымат берүүнү өтүндү. “Ыңгайы болсо батирлерден деле баш тарталы”? – деди депутат.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырымына шайланып жатып, көпчүлүк партиялар депутаттык артыкчылык жана кызматтык унаалардан баш тартуу тууралуу демилге көтөрүп келишкен. Бирок азырынча кээ бир фракциялар гана айтылгандарды аткарышты. (SDz)

XS
SM
MD
LG