Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:28

Бөкөнбай Казаков отставкага кетти


Бөкөнбай Казаков
Бөкөнбай Казаков

УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын жетекчиси Бөкөнбай Казаков өз ыктыяры менен кызматын тапшырды. Тийиштүү жарлыкка бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Өздүк булактар маалымдагандай, Казаков КМАнын аппарат башчысы Абдыкерим Гапаровдун өлүмүнөн кийин бул орунда калууга моралдык укугу жок экенин билдирген. Акыркы УКМК имаратында чыккан өрт да кызматын тапшырууга себеп болгону айтылууда.

УКМК 26-февралда КМАнын аппарат башчысы Абдыкерим Гапаров пара алып жаткан жеринен колго түшөрдө жүрөгү кармап каза болгонун билдирген эле. Бирок КМАнын жамааты "Гапаровду кармоодо жол-жобо одоно бузулган жана мунун айынан адам өмүрү кыйылган" деп билдирүү тараткан.

Ал эми 4-март күнү кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы имаратында өрт чыгып, алты кызматкер жабыркаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG