Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:53

Кытайдан бака-жылан ташып келаткан адам кармалды


240 даана кургатылган жылан
240 даана кургатылган жылан

Кытайдан аткезчилик жолу менен Кыргызстанга кургатылган бака, жылан өткөрүүгө аракеттенген кытайлык жаран кармалды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, кытайлык жаран 9-март күнү “Торугарт унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү бекетинен 240 даана кургатылган жылан, 3 миң кургатылган бака жана 140 ампулага куюлган кызыл түстөгү белгисиз суюктукту өткөрүүгө аракеттенген.

Кытай жаранынын жанында жүктү өткөрүүгө эч кандай документ болгон эмес. Тиешелүү документтер толтурулуп, жүк Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө жеткирилди. (SDz)

XS
SM
MD
LG