Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

ИИМ: экстремисттик кыймылга тартылган аялдардын саны өстү


"Ислам мамлекети" тобуна кошулган аялдар
"Ислам мамлекети" тобуна кошулган аялдар

Акыркы он жылда экстремисттик кыймылдарга кошулуп кеткен аялдар саны 25 эсе көбөйгөнүн ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди. Баткенде өтүп жаткан экстремизм жана терроризмге каршы жыйында Турганбаев террордук топтун азгырыгына 22-25 жаштын айланасындагы аялдар көбүрөөк киргенин айтты.

Министрдин белгилөөсүндө, Баткен облусунан 44 адам Сирия жана Ирактагы согушка жөнөп кеткен. Алардын ичинен төрт жаран мекенине кайтып келсе, он адам бөтөн өлкөдө өлгөн.

Милиция кызматкерлери өлкө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы менен, Башкы прокуратура Кыргызстандан Сирия жана Иракка кетип, террористтик уюмдардын катарын толуктагандардын саны 500 адамга жеткенин билдирди. (SDz)

XS
SM
MD
LG