Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Көчмөндөр оюндарына Кырчын жайлоосун даярдоо иштери башталды


Кырчын жайлоосу. 2014-жыл
Кырчын жайлоосу. 2014-жыл

Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосун экинчи Көчмөндөр оюндарына даярдоо иштери менен атайын делегация жеринде абалды байкап келди. Улуттук оюндарды өнүктүрүү дирекциясынын жетекчиси Алмаз Касеновдун “Азаттыкка” билдиришинче, делегация курамына Ысык-Көл облусунун жетекчилери, маданият министри жана режиссердук-коюучу топ кошулган.

"Атайын топ буга чейинки оюндарга салыштырмалуу, Кырчын жайлоосунун башка жеринде боз үйлөрдү тигип, этно шаарчаны курууга токтолушту",- деди Алмаз Касенов.

Көчмөндөр оюндарында Кырчын жайлоосунда фольклордук, этнографиялык жана музыкалык топторунун концерттери өтмөкчү. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн көрсөтмөсү уюштурулат.

Оюндар 3-8-сентябрь аралыгында Чолпон-Ата шаарында өтүп, Кырчын жайлоосунда шоу-программа менен коштолот. (SDz)

XS
SM
MD
LG