Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Жалал-Абад: Бакиевдин резиденциясы облустук клиникага берилди


Курманбек Бакиев
Курманбек Бакиев

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Жалал-Абад жана Көк-Жаңгак шаарларында жайгашкан резиденциялары облустук клиникалык ооруканага иштетүүгө берилди. Бул тууралуу аталган клиниканын директору Абдыманап Кулбаев “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн буйругу менен берилген резиденцияда акылуу кызмат көрсөтүүчү медициналык мекеме уюштурулат. Физиотерапия жана элдик медициналык ыкмада чөп дарылар менен дарылоо иши да жолго коюлат. Мындан сырткары бээнин сүтү менен дарылоо жагы пландаштырылууда.

"Резиденция кооз аймакта жайгашкандыктан өзүнчө санаторийге айлантуу жагы каралууда", - деди Кулбаев.

Өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиевге таандык мүлктөр 2010-жылдан кийин улутташтырылып, азыркы маалга чейин айрымдары сатыкка коюлуп келет. (RsK)

XS
SM
MD
LG