Бишкектин Калыс-Ордо-2 конушунун тургундары учурда “Түндүкэлектр” ишканасынын кызматкерлеринин трансформаторду алып жатканына нааразы болушууда.
Конуштун тургуну Расул Базарбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында трансформаторду “Кыргызстан” партиясы “Түндүкэлектр” менен макулдашып орнотуп берген.
Бирок түндө трансформатордун зымдары кыркылып, бүгүн “Түндүкэлектрдин” кызматкерлери, анын ордуна кубаттуулугу төмөнүн орнотуп берерин айтышкан. Каршы болгон Калыс-Ордо-2 конушунун тургундары, нааразылык акцияга чыгып, трансформаторду ордуна коюусун талап кылууда. (SDz)