Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматына жетекчи болуп мурда президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп иштеген Улан Исраилов келди. Тийиштүү буйрукка бүгүн мамлекет башчы кол койду.
Исаков 2013-2014-жылдары Бишкектин Свердлов райондук Ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси болгонго чейин президентти коргоп жүргөн. Андан кийин Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгын жетектеген.
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын мурдагы башчысы Бөкөнбай Казаков ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазганы бүгүн кабарланган. (SDz)