Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Бишкектеги №42 мектепте бомба бар деген маалымат түштү


Бишкек шаардык милициясы №42 мектепте бомба бар деген маалыматтан улам окуучуларды эвакуациялады. Бишкек ШИИБнын маалымат катчысы Олжобай Казабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, маалымат болжол менен саат 11:30да түшкөн.

- Чалган адам өзүн тааныштырбастан, мектепте бомба бар деп айткан. Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө. УКМК тарабынан сапёрлордун келишин күтүп жатабыз, – деди Казабаев.

Маалым болгондой мектептин тегереги толугу менен курчоого алынып, окуучулар алыс аралыкка чыгарылды.

№42 мектеп Бишкектин Сокулук району менен чектеш жерде жайгашкан.

XS
SM
MD
LG