Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Башкы штабдын башчысы түштүк аймакты текшергени кетти


Генералдык штабдын жетекчиси Жаныбек Капаров түштүк аймактык куралдуу күчтөрүнүн кошуундары менен бөлүктөрүн текшерүүгө киришти. Башкы штабдын жетекчиси менен чогуу коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү да жөнөп кетти.

Текшерүү жүрүшүндө Генералдык штабдын башчысы Улуттук гвардиянын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кошуундарындагы, бөлүктөрүндөгү жана мекемелериндеги кырдаалга байкоо салмакчы. Мындан башка өлкөнүн түштүк аймагына дислокацияланган кошуундары менен бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгын текшерүүгө ниеттенүүдө.

Башкы штабдын басма сөз жана маалымат башкармалыгы кабарлагандай ыкчам-талаа сапары 12-мартта аяктайт. (SDz)

XS
SM
MD
LG