Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Балыкчыда өз агасын өлтүргөн адам кармалды


Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. 8-мартта саат 21:40 чамасында Балыкчы шаардык ооруканасына 46 жаштагы Т.Таалай денесинен оор жаракат алып, тез жардам менен жеткирилген. Ооруканага милициянын ыкчам-тергөө тобу барган учурда жабырланган адам башынан алган оор жаракаттан улам эсине келбей каза болгон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ыкчам-иликтөө иштердин жүрүшүндө күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен кылмышка шектүү катары каза болгон адамдын бир тууган иниси – 42 жаштагы Т.Кылыч кармалды. Кармалган адамдын айтымында, 8-март күнү ата-энесиникине майрамы менен куттуктап барганда короодон агасы Таалайга кезиккен. Агасы менен уруша кетип, аны темир түтүк менен бир нече жолу чапкан. Азыркы учурда кылмышка шектүү катары кармалган Т.Кылыч Балыкчы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды. (AsM)

XS
SM
MD
LG