Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:14

Бишкекте жаран өзүн жардырам деп коркутту


Бишкек ШИИБдан кабарлагандай, эркек адам "колумда граната бар" деп шаар көчөсүндө кыйкырган. Окуя болгон жерге милиция келип, аны кармоо аракетин кылганда, качып жөнөгөн. Милиция көчөлөрдү курчоого алып кармаган учурда, колунда эч кандай граната жок болуп чыккан.

Алдын ала иликтөөдө маалым болгондой үй-бүлөлүк жаңжалга байланыштуу эркек өз жанын кыюуну ойлоно баштаган. Учурда ал Свердлов РИИБга жеткирилгенин борбордук милициянын басма сөз кызматы кошумчалады. (SDz)

XS
SM
MD
LG