Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:09

Театрлар таймашы уланат


11-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Театрлар таймашы өтөт. Бул жолу Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры менен Кыргыз улуттук драма театры беттешет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчылыгы кабарлады.

Театрлар таймашы ушуну менен экинчи жолу өтүп жатат. Драма, трагедия, комедия жанрындагы спектаклдерден үзүндү аткаруу менен чеберчилигин көрсөткөн актерлорду калыстар баалайт.

Биринчи театрлар беттеши 27-февралда өткөн. Анда Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры менен Мамлекеттик "Учур" жаштар театры ат салышкан. Жыйынтыгында Жаш көрүүчүлөр театры жеңишке жетишкен.

Таймашка өлкөдөгү театрлардын баары катыша алат. Айлампа түрүндө өткөрүлгөн таймаштан бардык атаандаштарын жеңип чыккан театрга министрлик 1 млн. сом байге берет. (ZA)

XS
SM
MD
LG