Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Мектепте бомба бар деп жалган маалымат айткандар кармалды


Бүгүн №42 мектепте бомба коюлду деп милицияга жалган маалымат бергендер аныкталганын УКМКдан билдиришти. Комитеттин өкүлү Рахат Сулайманов ыкчам иликтөө иштердин натыйжасында 15 жана 16 жаштагы эки бала кармалганын билдирди.

- Алар ошол мектептин эле окуучулары болгону аныкталды. Азыркы учурда алар эмне үчүн мындай кадамга барганы иликтенип жатат.

Мектепте бомба бар деген маалымат түшкөн соң бүгүн милиция окуу жайды курчоого алып, окуучуларды сыртка чыгарган. Окуя болгон жерде УКМКнын сапёрлору жардыруучу затты таппагандан кийин окуу процесси кайра жанданган. (SDz)

XS
SM
MD
LG