Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Допингге байланыштуу дагы бир орусиялык спортчу мелдештен четтеди


Мельдоний дарысы
Мельдоний дарысы

Тыюу салынган Мельдоний дарысын колдонуп жүргөнү үчүн дагы бир орус спортчусу, биатлонист Эдуард Латыпов мелдештерден четтетилгенин Орусиянын биатлонисттер союзунун сайты жазып чыкты.

Допинг текшерүү учурунда Латыповдун Мельдоний препаратын колдонгону маалым болду. Ушул аптанын башында теннисчи Мария Шарапова бул дарыны ичип жүргөнү ачыкка чыккан эле.

Допинг чырынан улам быйыл жыл башынан бери спортчулар Екатерина Константинова, Екатерина Боброва, Семен Елистратов, Павел Кулижников, Алексданр Маркин мелдештерден четтетилген.

Ошол эле учурда айрым адистер Мельдоний – допинг эмес деп талашып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG