Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Эсенгул Исаков: Көк бөрү ЮНЕСКОго Казакстандын атынан катталып калышы ыктымал


Улакчылар
Улакчылар

Кыргызстанда бир нече коомдук уюмдар улуттук көк бөрү оюну казактардын атынан ЮНЕСКОго кирип калышы мүмкүн деп тынчсызданууда. Бул тууралуу бүгүн “Элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин жетекчиси Эсенгул Исаков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мурдагы депутат Карганбек Самаков көк бөрүнү кыргыздын улуттук ат оюну катары ЮНЕСКОго каттоого аракет кылып келген, бирок Самаковдун соттук процесси ишти артка тартып жатканын билдиришти.

Ал ортодо Казакстан көк бөрүнү Казакстан өз атынан каттоого аракеттерди жүргүзүп жатканын айткан Исаков, Кыргызстан убакыттан уттуруп жатканын белгиледи.

2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз трансформациялагандыгы үчүн Башкы прокуратура тарабынан Карганбек Самаковго кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө сот процесси уланып келет. Самаков өзү үй камагына алынган. (SDz)

XS
SM
MD
LG