Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:00

Мосул дамбасы жарылса 1,5 млн адам жабыр тартышы мүмкүн


Мосул дамбасы
Мосул дамбасы

Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр Ирактагы ири Мосул дамбасы тез арада оңдолбосо, анын кесепети чоң трагедия менен аякташы мүмкүн экенин эскертти.

АКШнын демилгеси менен уюштурулган жыйында Пауэр Мосул дамбасы жарылып кетсе Ирактын түндүгүндө 1,5 миллион адам өлүмгө дуушар болушу мүмкүндүгүн эскертти. Алдын алуу иштерине карабай, суу ташкындары дамбаны жууп кетиши ыктымал деген коркунуч айтылууда.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу көзөмөлдөп турган аймактагы Мосул дамбасы 1980-жылы курулуп, андан бери акырындап урай баштаганын адистер белгилешет.

Ирак өкмөтү Италиядагы компаниялардын бири менен дамбаны оңдоо боюнча келишим түзгөн. Бирок италиялыктар оңдоп-түзөө иштери дамбаны убактылуу гана кармап турууга жардам берерин айтышкан.

XS
SM
MD
LG