Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:54

БУУнун эксперти Тажикстанда сөз эркиндигине тынчсызданууда


Девид Кей.
Девид Кей.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укугу жана сөз эркиндиги боюнча атайын баяндамачысы Тажикстанда жарандык коомдун өкүлдөрү, көз карандысыз маалымат каражаттары жана оппозиция туш болуп жаткан жагдайга “олуттуу тынчсызданусун" билдирди.

10-мартта жарыяланган билдирүүсүндө Дэвид Кей “веб-сайттарды жана уюлдук байланыштарды тосмолоону тажик бийликтери кеңири колдонорун” эскертти. Ал ошондой эле Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясына тыюу салуу жана анын лидерлерин соттоо, башка жетекчилерди куугунтукка алууларга тынчсыздануусун билдирген.

Кей саясий себептер менен кармалгандардын баарын бошотууга, оор кылмыш жасады, деп айыпталып жаткандарды адилет сот менен камсыздоого тажик бийлигин чакырды. Кей баяндамасын БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине алып чыгат. (AiT)

XS
SM
MD
LG