Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов 10-мартта билдирди. Бүгүн, 11-мартта өкмөттүн жыйынында өлкөдөгү ветеринардык-санитардык абал жана саламаттык сактоо тармагында электрондук жол менен кызмат көрсөтүү маселеси каралат.
Калысбек Жумаканов мамлекет 8 түрдүү мал ылаңын дары менен камсыздоону колуна алып, каржылоону эки эсе көбөйткөнүн билдирди:
- Мал дагы, адам дагы ооруй турган сибирь жарасы, бруцеллез, туберкулез, кутурма, эхинококкоз, экинчиси транс чек аралык оорулар деп коет, тез тарап экономикага чоң зыян алып келген шарп өңдүү ылаңдар. Мына ошолорду дары менен камсыздоону мамлекет колуна алды.
Калысбек Жумаканов өлкөдө эпизоотиялык абал бир топ турукташканын белгилеген. (AiT)