Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

АКШ сенаторлору Пакистанга аскерий учак сатуу маселесин козгошту


АКШ бийлиги Пакистанга 700 миллион долларга Ф-16 аскерий учактарын сатуу келишимин кабыл алган. Бирок Конгресстин айрым мүчөлөрү Пакистан терроризмге каршы күрөштө АКШ менен жетиштүү деңгээлде кызматташпайт, деп сынга алышты.

10-мартта Сенатта добуш берүүдө бул маселе козголуп, Исламабаддын айрым аракеттери сын айтылды. Бирок ага карабай, аскерий учак сатуу келишимине 24 сенатор каршы, 71 келишимди колдоп добуш берди.

Кошмо Штаттар Пакистан өз таасири аркылуу талибдерди ооган өкмөтү менен сүйлөшүүгө алып келүүсүнө умтулган. Бирок Кабул жана Вашингтондун андай үмүтү акталган жок. (AiT)

XS
SM
MD
LG