Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:01

 “Кытай жазуусундагы кыргыз тарыхы” китеби кыргыз тилине которулат


 “Кытай жазуусундагы кыргыз тарыхы” китеби
 “Кытай жазуусундагы кыргыз тарыхы” китеби

Тарых жана маданият жылын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Султан Раев Кытайдагы иш сапарында бир катар окумуштуу, тарыхчылар менен жолугушуп келди. Анда Кытай тарап “Кытай жазуусундагы кыргыз тарыхы” аттуу китептин мазмуну менен тааныштырган. Авторлор биринчи жолу кыргыздар тууралуу айтылган маалыматтар биздин доорго чейинки 525-жылга туура келерин билдиришкен. Мында Кыргыз каганаты тууралуу сөз болуп жатканы китепте жазылган.

Бул факт Кыргызстандын тарыхчылары үчүн белгилүү эмес экенин айткан Раев, Кытайдын илимпоздору Кыргыз каганаты Барсбектин учурунда гана эмес, биздин доорго чейин да болгонун далилдеп жатканын билдирди.

Кыргыз тарап азыркы учурда бул китепти кыргыз жана орус тилине которуу иштерин башташты. Ошондой эле быйыл Кыргызстанда Кытай окумуштуулары менен биргеликте илимий-тажрыйбалык иш-чара уюштуруу каралып жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG