КСДП фракциясы бүгүнкү отурумунда диний экстремизм жана терроризм кылмыштары боюнча жазаны катаалданткан мыйзам долбоорун жактырды. Ал мыйзам долбооруна ылайык, эми экстремизм жана терроризм боюнча 16 жашка чыга электер да жоопко тартыла баштайт.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы мыйзамдарга ылайык, бул кылмыштар боюнча 16 жашка чыга электерди жазага тартуу мүмкүн эмес.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Кыянбек Сатыбалдиевдин айтымында, Сирия, Ирактагы согуштук аракеттерге катышууга кеткен адамдар арасында 14-15 жаштагы балдар да бар.
Расмий маалыматтарга караганда, Сирия жана Ирактагы согушкерлердин катарына Кыргызстандан барып кошулгандардын саны 500дүн тегерегинде. (SDz)