13-марттан 15-мартка чейин аба ырайы кескин өзгөрөт.
13-мартта күндүз жана 14-15-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде катуу жаан-чачын өтөт.
Абанын температурасы төмөндөп, 14-мартта күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 3...8°, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 7...12°, тоо этектеринде 2...7° жылуу, тоолуу жерлерде 0...- 5° чейин түшөт. 15-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде 1...6° жылуу болуп, айрым жерлерде 0...-2° жеткен үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай үшүк бүчүр байлаган, гүлдөгөн мөмө бактарга коркунуч алып келет.
Эртең 12-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде бир аз жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде бир аз жаан-чачын болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18 градус жылыйт.
Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17.
Баткенде 3…8, күндүз 12…17.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6 градуска чейин жылыйт.
12-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 4…6° жылуу, күндүз 15…17° жылуу. (SDz)