Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Ошто экстремизмге каршы күрөшкө арналган форум өтүп жатат


«Кылмыштуулукка жана экстремизмге жол жок» деп аталган форумда балдар арасында кылмыштуулук жана диний радикализмдин алдын алуу маселелери талкууланууда. Жыйында Сирияга кетип жаткандар азайганы менен азгырылгандар бар экени, алар диний сабатсыздыктан улам ушул жолго түшүп жатканы кеп болду.

Форумга ички иштер министри Мелис Турганбаев, милициянын аймактык башчылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, диниятчылар жана агартуучулар катышууда. Форумда айтылгандай, ушу кезде Ош шаарынан 90дой адам, Ош облусунан 200гө жакын жаран Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерге аралашып жүрөт. Өлкө боюнча алардын саны 500дөн ашкан. Алардын арасында аялдар жана балдар да бар. (ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG