Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Путин Косово маселесинде Сербияны колдойт


Сербия президенти Томислав Николич Кремль Косово маселесинде Белграддын талаптарын колдой турганын билдирди. Косово 2008-жылы Сербиядан өз алдынча бөлүнүп, көз карандысыздык жарыялаган. Анын эгемендигин 110 чакты мамлекет тааныган.

"Путин Сербия аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын сактоодо, айрыкча Косово маселесинде Орусияга таяна берсе болот деп даана айтты", - деди Николич 10-мартта Москвада Путин менен жолугушуп чыккан соң.

Сербия Косовонун Бириккен Улуттар уюмуна кирүүсүнө байланышкан дипломатиялык күрөштө Москванын колдоосуна таянып келет.

Президент Томислав Николичтин Москвага сапары серб премьер-министри Вучич өлкөнү Евробиримдикке карай жетелеген реформаларды жүргүзүүгө умтулуп жаткан учурга туш келди. Николич НАТО жана ЕБ менен тыгыз кызматташтыкка каршы чыгып келген орусиячыл лидер.

XS
SM
MD
LG