Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:07

Боомдо таштар кулатылат


Боом капчыгайы.
Боом капчыгайы.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы маалымдагандай, 14-марттан 18-мартка чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда таштарды омкоруп кулатуу иштери жүргүзүлөт.

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында таштарды кулатуу Боом капчыгайынын 108-чакырымында жүргүзүлмөкчү.

Андыктан, 14-марттан тартып бул багыт боюнча ИИМдин жол кайгуул кызматы тарабынан саат 9дан 15-00гө чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат.

Унаа жолунда 30-40 автомашина топтолуп калганда таштарды кулатуу токтотулуп, автоунаалар өткөрүлүп турат.

Маалыматта айтылгандай, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG