Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Жалал-Абадда биринчи жолу жүрөккө ыкчам операция жасалды


Түштүк регионалдык жүрөк-кан тамырлар илимий изилдөө борборунда кечээ 10-мартта 52 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө оор операция жасалып, ийгиликтүү соңуна чыкты. Бул тууралуу борбордун директору Калдарбек Абдраманов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, бейтаптын жүрөгүн токтотуп операция жасаган учурда канчалык эртерээк бүтсө, ошончолук бейтаптын сакаюусу жакшы болот.

- Ошол себептүү бейтаптын жүрөгү 13 мүнөт токтотулуп, операция соңуна чыкты. Учурда Кыргызстанда мындай кыска убакытта бир да операция жасала элек болчу, - деп кошумчалады Абдраманов.

Жыл башынан бери борбордо 40тан ашык бейтаптын жүрөгүнө операция жасалган. Быйылкы жыл ичинде 300дөн ашык операция жасалары пландалууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG