Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Грозныйга бараткан жолдо сабалган журналисттер мамлекеттик коргоого алынды


"Медиазона" басылмасынын кабарчысы Егор Сковорода
"Медиазона" басылмасынын кабарчысы Егор Сковорода

Ингушетия менен Чеченстандын чек арасындагы кол салуудан жабыркагандар менен бул окуянын күбөлөрү мамлекеттик коргоого алынды. Бул боюнча Ингушетия Ички иштер министрлиги атайын токтом чыгарганы кабарланууда. Мындай маалыматты сабалган журналисттердин бири, "Медиазона" басылмасынын кабарчысы Егор Сковорода да ырастап, бирок аталган мекеме бул мамлекеттик коргоо эмнени камтый турганын тактабаганын кошумчалады.

9-марттын кечинде Ингушетиянын Чеченстан менен чектешкен жеринде Грозныйга бараткан укук коргоочулар менен журналисттер тобу кол салууга кабылган. Белгисиз беткапчан адамдар алар түшкөн кичи автобусту өрттөп, өздөрүн уруп-сабашкан. Чабуулдан 8 адам жабыркаган. Алардын арасында чет өлкөлүк жарандар да бар.

Бул кол салуу боюнча "ээнбаштык" жана "мүлктү атайлап жок кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголуп, чабуул жасагандар изделүүдө. Орусия ички иштер министри Владимир Колокольцов бул ишти өзгөчө көзөмөлгө алганы айтылган.

XS
SM
MD
LG