Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Журналист электр тарифи үчүн өкмөттү сотко берет


Жакшылык Матановго келген дүмүрчөк
Жакшылык Матановго келген дүмүрчөк

Журналист Жакшылык Матанов бир бөлмөлүү батирине 10 миң сом эсебинде дүмүрчөк келгени үчүн өкмөттү сотко берерин “Азаттыкка” өзү кабарлады. Ал электр энергиянын тарифи менен өкмөт абоненттерди алдап жатканын айтып, кымбаттатылган баада эсепти төлөп жатканын билдирди.

- Өкмөт азыр электрге 700 кВт сааттан ашканына 2,16 сомдон алып жатат. Бул баа чет өлкөдөн электр энергиясын импорт кылганда гана төлөнөт. Бирок электр энергиясы азыр импорттолгон жок. Ошондуктан 700 кВт сааттан ашканда 1,28 сомдон эсептеши керек болчу. Бизди өкмөт элди адаштыруу менен импорттун баасы менен эсепти төлөтүүдө.

Учурда журналист атайын адвокаттарды жалдап жатканын кошумчалады. Ошол эле учурда бул маселе өкмөттө тийиштүү адистер тарабынан такталып жатканын өкмөттүн маалымат катчысы Назира Ахмедова социалдык тармакка жооп катары жазды.

Өкмөт быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жетиштүү деген негизде электр энергиясын импорттобосун айткан. (SDz)

XS
SM
MD
LG