Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Өзбекстан: аткаминердин "сылык" эрежеси


Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда аткаминерлерди кол астындагы кызматкерлерге, карапайым элге сыпайы мамиле жасоого милдеттендирген жобо иштелип чыкты.

Өкмөт башчы Шавкат Мирзиёев марттын башында кол койгон буйрукка ылайык, мындан ары мамлекеттик чоң кызматтагы кишилер алар үчүн жазылган “эрежени” үлгү кылып иштөөгө милдеттүү.

Жаңы буйрук “Мамлекеттик башкаруу жана жер-жерлердеги аткаруу органдарынын үлгү адеби” деп аталат. Документтин баш сөзүндө аткаруу бийлигинде иштегендердин ыйгарым укуктарын адал жана жемиштүү аткарышы, кызматынан кыянат пайдаланууга жол бербөө зарылдыгы тууралуу эскертилген.

Премьер-министр бул буйрук менен башкаруу системасындагы мыйзам бузууларды жоюп, мамлекеттик кызматкерлерди Конституцияны сыйлап, адамдардын укугу менен эсептешүүгө чакырган. Ошол эле учурда элди мекенчил болууга, мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоого тарбиялоо зарылдыгы айтылат.

Мирзиёев киргизген “үлгүлүү адеп эрежелерине” ылайык, аткаминерлердин пара алуусуна катуу тыюу салынат. Эгер башчыга кимдир бирөө белек бергиси келсе, аны ким сунуштап жатканы тууралуу күч органдарына дароо маалымдашы керек.

Андан сырткары, мамлекеттик органдарда иштеген жөнөкөй кызматкерлер кесиптештери же жетекчиси “тууганчылык, тааныш-билиштик” сыяктуу кагазга жазылбаган эрежелерден чыга албай атканын байкашса, аны дароо “тийиштүү кишилерге” айтууга милдеттүү. Мындай “шыбыр кептин” жеткирүүчүсү ким экени буйрукка ылайык, сыр бойдон сакталат.

Мирзиёев киргизген жобону ишке ашыруу үчүн эки ай ичинде бардык мекеме-ишканаларда беш кишиден турган “Адеп комиссиясы” түзүлөт. Алар кызматкерлердин эрежелерди сактоо жаатындагы иш-аракеттерине байкоо салып, буйрукту аткарбай аткандар тууралуу сөз ташып, комиссияга билдирип тургандарды сыйлоо жагын колго алышат. Андан сырткары, иштегилердин кимисинин даражасын көтөрүү, кимди түшүрүү, кимди административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча жогору жакка сунуштамаларды даярдашат.

Буйрук боюнча, мамлекеттик кызматкерлер сыпайы, зирек жана жарандар менен “жумшак” мамиледе болушу шарт.

- Мындай чечим эмнеге кабыл алынды? Бийликтегилер өздөрүн коррупцияга каршы күрөшүп жатканын калп эле коомчулукка көрсөткүсү келип аткандай.
Искендер Худойберганов

Ал арада серепчилер бул эрежеге какшык менен карай башташты.

Анткени “мамлекеттик кызматкерлер, жетекчилер кесиптештерине, кол астындагыларга орой мамиле жасабашы керек” деген эрежени киргизип жаткан өкмөт башчы Шавкат Мирзиёев Өзбекстандагы эң тили заар, кара күчкө ишенген аткаминер катары таанылган. Бирок буйрукта “эгер негиз болбосо оройлук кылбагыла” деген жери бар. Андыктан, аткаминерлер “негиз” таап кол астындагыларды жана жарандарды тилдегенге акылуу.

Мирзиёевдин буйругун “Азаттык” радиосуна талдап берген серепчилер муну өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшүп жатканын көрсөткүсү келген кезектеги шоу катары сыпатташууда. Өзбекстандагы “Демократиялык демилге” тобунун башчысы Искандар Худойберганов адам укуктары боюнча мыйзамдар иштебеген мамлекетте өкмөт башчынын буйругу эч нерсени өзгөртпөйт деген ойдо:

- Мындай чечим эмнеге кабыл алынды? Бийликтегилер өздөрүн коррупцияга каршы күрөшүп жатканын калп эле коомчулукка көрсөткүсү келип аткандай. Азыркы мамлекеттик башкаруунун системасы жемкорлукка кеңири жол ачып жатса, министрликте же башка чоң кызматта отургандарды кантип өзгөртө аласыз? Креслосу менен кызматы анын каражат табуучу негизги булагы болуп атпайбы. Кантип анан коррупцияны жоюшат? Жемкорлукту жана өзүмбилемдик башкаруусун жоюунун бир гана жолу бар – ал азыркы саясий системаны жок кылуу. Сөз эркиндиги керек. Басма сөздү эркин койсун, ошондо тартипке түшүү үчүн эч кандай комиссиясынын да кереги болбойт.

Айрым серепчилердин айтымында, Өзбекстандын Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде даярдалган, ошол эле учурда Кылмыш-жаза кодексинин айрым беренелерине дал келбеген бул буйрук мамлекетте калыптанып калган өзүмбилемдик башкаруу системасын мыйзамдаштыруунун аракети.

XS
SM
MD
LG