Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Тоолуу Карабакта ок атышпоо режими бузулду


Азербайжан менен жикчил Тоолу Карабак аймагы чек арада ок атууну токтотуу режими бузулганы үчүн бири-бирин айыптоодо. Азербайжан тышкы иштер министрлиги Агдам шаарына жакын жердеги атышта 10-15 армян аскери өлүтүрүлгөнүн билдирди.

Тоолуу Карабахтын аскер жетекчилери Агдам районунда жайкын тургундарга каршы аракет жасалбаганын, жоокерлер азери тараптын чалгын тобу алардын көзөмөлүндөгү аймакка кирүү араетине жооп катары ок ачканын айтып чыкты. Бирок алар душмандын катуу жаадырган огуна карабай эч кандай жоготуу болбогонун ырастоодо.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабах чатагынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен этникалык армяндар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгөрүү боюнча дипломатиялык аракеттер азырынча майнап бере элек.

XS
SM
MD
LG