Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:55

Жалал-Абад: окуучулардын мушташын милиция иликтөөдө


Жалал-Абаддагы №9 жана №5 мектептердин окуучуларынын арасында чыккан массалык мушташтын чоо-жайын шаардык ички иштер бөлүмү тергеп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин башчысы Мелис Шералиев “Азаттыкка” билдирди.

10-марттын кечинде шаардын Спутник кичи районунда отузга жакын мектеп окуучусу мушташып жатканы тууралуу милицияга кабар түшкөн. Тартип сакчылары окуя болгон жерден алты баланы кармаган. Массалык мушташтан бир бала жеңил жараат алып, ооруканага кайрылган. Мындан сырткары жеңил унаанын терезелери талкаланганы аныкталды. Азыр окуучулардын ата-энелери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG