Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Сирия оппозициясы Женева сүйлөшүүлөрүнө катышууну көздөйт


Сирия
Сирия

Сириянын бириккен оппозициясы Женевада 14-мартка белгиленген тынчтык боюнча кезектеги сүйлөшүүлөргө катышуу ниетин жарыялады. Жолугушуу Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу алдында өтмөкчү.

Бир нече оппозициялык топ кирген Эр-Рияддагы Сириянын жогорку сүйлөшүү комитети президент Башар Асадга болочоктогу өкмөттө орун жок деген позицияны карманууда. Ал эми Сириянын азыркы бийлигинин Орусия жана Иран өңдүү өнөктөштөрү Асаддын орду шайлоо аркылуу чечилүүгө тийиш деп эсептешет.

Кечээ орус тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Швейцариядагы сүйлөшүүлөргө Сириянын БУУдагы туруктуу өкүлү Башар Жаафари жетектеген өкмөттүк делегация да катышарын кабарлады.

Сирияда 29-февралдан бери Вашингтон менен Москва макулдашкан тынчтык келишими өкүм сүрүүдө. АКШ тарап негизинен макулдашуунун шарттары аткарылып жатканын билдирди. Мамлекеттик департаменттин маалыматы боюнча, тынчтык жараяны күчүнө киргенден кийин зордук-зомбулук бир топ азайды. Бирок Башар Асаддын аскерлери тараптан чабуул койгон учурлар да катталды.

XS
SM
MD
LG