Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Нарын: салбуурунга төрт дубандын өкүлдөрү катышууда


Салбуурун. "Тайган жарыш".
Салбуурун. "Тайган жарыш".

Нарын районунун Алыш айылында салбуурун боюнча республикалык мелдеш кызуу уланууда. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, ага Талас, Ысык-Көл, Чүй жана Нарын облустарынан оюнчулар келишти. Алар «Бүркүт салуу», «Куш салуу», «Жөө жаа атуу», «Атчан жаа атуу», «Тайган жарыш» сыяктуу аңчылык оюндары боюнча таймашып жатышат.

Мелдештин уюштуруучусу Аман Исмаилов быйылкы “Көчмөндөр оюнуна” камылга башталганын кабарлады. Иш-чара эртең аяктап, жеңүүчүлөр аныкталат. Байге фонду 100 миң сомду түзөт. (NT/MiK)

XS
SM
MD
LG