Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:20

Үмөталиева: кеңсемди талкалап кетишти


Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева кеңсесине бүгүн кол салуу болгонун “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтуусунда, белгисиз адамдар Бишкектин Ахунбаев-Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кеңсенин ичин чачып, талкалап, кызматкерлерди коркутуп-үркүтүп кетишкен.

Укук коргоочу бул адамдардын бири Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү болушу мүмкүндүгүн айтып жатат. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери да чакырылды. Токтайым Үмөталиева Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы.

XS
SM
MD
LG