Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Касьянов бийлик кысымы уланып жатканын жарыялады


Михаил Касьянов.
Михаил Касьянов.

Орусиядагы оппозициялык ПАРНАС партиясынын төрагасы бул тууралуу бүгүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтуусунда, шайлоочулар менен жолугушуу боло турган «Мираж» мейманканасынын жетекчилиги бир жума мурун жыйындар залын ижарага берүүгө макул болуп, бирок кайра баш тартты. Оппозициялык саясатчы муну бийликтин бут тосуусу катары баалоодо.

Михаил Касьянов Татарстанга шайлоо алдындагы үгүт иштеринин алкагында барган. Буга чейин анын Нижний Новгород, Петербург, Владимир шаарларында эл менен жолугушууларын үзгүлтүккө учуратуу аракеттери көрүлгөнү кабарланган. Орусияда быйылкы парламенттик шайлоо 18-сентябрда өтүшү керек.

XS
SM
MD
LG