Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Түндүк Кореянын суу алдындагы кемеси чөгүп кеткени кабарланууда


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын суу алдында жүрүүчү кемеде.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын суу алдында жүрүүчү кемеде.

Түндүк Кореянын суу алдында жүрүүчү кемеси дайынсыз болууда. АКШнын аскерий-деңиз күчтөрүнүн жетекчилиги анын чөгүп кетиши ыктымалдыгын боолгоп жатат.

CNN телеканалы 12-мартта чалгын кызматына шилтеме берүү менен кеме багытынан адашып калган болушу мүмкүндүгүн кабарлады. Американын Аскерий-деңиз институтунун сайты эксперттер жоголгон кеменин эмнеге ылайыкташтырылганын аныктай электигин жазды. Ал баллистикалык ракеталарга багытталганбы же аскердик кемеби, азыр иликтенүүдө.

Кеменин жоголушу АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен ири аскердик машыгууларына дал келүүдө.

Пхеньян машыгууларды айыптап, “өзөктүк согушка” кадам ташталды деп атады. Ошондой эле контрчабуул менен жооп кайтара турганын эскертти.

Корей жарым аралындагы кырдаал былтыр январда Пхеньян төртүнчү жолу өзөктүк сыноо жүргүзгөндөн кийин чыңалган. Өткөн айда Түндүк Корея алыскы радиустагы ракетаны сынаган соң БУУ ага каршы жаңы санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG