Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:05

Аба ырайы: жаан жаайт


Кыргыз гидрометеорологиялык кызмат билдиргендей, узакка созулган жылуу жана кургак аба ырайынан кийин 14-15-мартта аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектерине жана тоолорго кар түшөт. Дыйканчылык аймактарда үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Мындай үшүк бүчүр байлаган жана гүлдөгөн мөмө бактары үчүн коркунучтуу. Ошондой эле туруксуз аба ырайы айыл чарба, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Ала-Бука-Канышкыя (62-100-чакырымдары) жана Красная-Горка-Ак-Таш (1-10-чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымдары) каттамдарында кар көчкү түшүүсү ыктымал. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык аралык чектелиши зарыл.

14-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында катуу жаан-чачын болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8;

Баткен облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 4…9;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7 градуска чейин төмөндөйт.

Бишкекте маал-маалы менен катуу жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4° жылуу болсо, күндүз 6…8° градуска жогорулайт.

XS
SM
MD
LG