Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:57

Салбуурун: биринчи орунду ысыккөлдүктөр алды


Салбуурун.
Салбуурун.

Эки күнгө созулган Нарында өткөн салбуурун оюну боюнча республикалык мелдеш бүгүн аяктап жеңүүчүлөр аныкталды. Мелдешке 70тен ашык тайганчы, 40ка чукул мүнүшкөр жана 25 жаачы катышты. Салбуурунчулар өлкөнүн Талас, Ысык-Көл, Чүй жана Нарын облусунан келишип, жыйынтыгында ысыккөлдүктөр бүркүткө чырга алдыруу жана жаа атуудан биринчиликти эч кимге беришкен жок. Ал эми Таластын күлүк тайганы жарыштан марага биринчи келди.

Мелдеш быйылкы көчмөндөр оюнуна даярдык катары Нарын районунун Алыш айылындагы жергиликтүү жаштардын демилгеси менен өткөрүлдү. Ал эми уюштуруу иштерин республикалык Салбуурун федерациясы колго алган. Анын байге фондуна Улуттук оюндарды өнүктүрүү дирекциясы 200 миң сом бөлгөн. Катышуучулар Бүркүт салуу, Жөө жана атчан жаа атмай, Тайган жарыш сыяктуу аңчылык оюндары боюнча күч сынашты. (MiK)

XS
SM
MD
LG