Бүгүн Ош шаарында баштала турган парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин көчмө жыйынында диний экстремизм көйгөйүн чечүү жолдору ортого салынат. Ошондой эле Ош облусундагы кулчулукка каршы күрөштүн жүрүшү, адам сатуунун курмандыктарынын социалдык-укуктук абалдарына баа берилет.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, эрте никеге туруунун коомго тийгизген кесепеттери да күн тартибине киргизилген. Мындан тышкары депутаттар облустагы социалдык, маданий жайлардын абалы менен да таанышмакчы. (NT)