Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Эсеп палатасынын аудиторлугуна талапкерлер сунушталууда


Жогорку Кеңештин депутаты, бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Руслан Казакбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, президенттик аппарат Эсеп палатасынын аудитору кызматына саясий ишмер, маркум Медет Садыркуловдун кызы Айжан Садыркулованын жана Улукбек Мариповдун талапкерлигин сунуштап, дагы бир талапкерди караштырып жатат.

Мындан тышкары бул кызматка көпчүлүк коалициядан Ишенбек Медетов (КСДП) Алмазбек Султанкулов ( «Өнүгүү-Прогресс»), Вадим Садовников («Кыргызстан») сунушталды. Оппозициядан Нурболот Мырзахметов («Бир Бол»), Нурбек Мурашев («Бир Бол») Акылбек Түмөнбаев («Бир Бол») жана Эмилбек Эркинбек уулунун талапкерлиги («Республика – Ата Журт») көрсөтүлдү. Бүгүн аталган комитет бул талапкерлерди карап, жактырды. Шаршемби же бейшемби күнү талапкерлердин катары дагы толукталган соң, комитет карап чыгып аларды палатанын кароосуна коет. Бул аптада парламент Эсеп палатасынын жаңы курамын шайлайт. (AzK)

XS
SM
MD
LG