Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

Жалал-Абаддагы митингде президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү талабы айтылды


Митингде сөз сүйлөгөн Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Бектур Асанов президент мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүсү керек деген талапты коюп, митингдер 24-мартта Ош шаарында уланарын билдирди. Аймактык кабарчыбыздын айтуусунда, оппозициянын акциясында Бектур Асановдон башка лидерлер байкалбады. Митинг учурунда эки жаран Бектур Асановдон микрофон талашып, тоскоолдук кылып, анын өзүнө сын айтууга аракет кылышты.

Барпы атындагы драма театрынын алдындагы митингге 200дөн ашык киши катышууда. Буга чейин митингди уюштуруучулар социалдык төлөмдөрдүн баасын мурдагы калыбында калтыруу, электр энергиясынын наркын арзандатуу, мамлекеттик камсыздандыруу боюнча мыйзамды жокко чыгаруу, балдарга жөлөк пул берүүдөгү жоболорду жеңилдетүү талаптарын коерун билдиришкен. (AzK/RsK)

XS
SM
MD
LG